«Эрдигиңер эч качан унутулбайт».
«Эрдигиңер эч качан унутулбайт».
Бүгүн, 2023-жылдын 15-февралында «Төөлөс» айыл өкмөтүнө караштуу Уркуя Салиева айылында ушул чөлкөмдүн Афганистан согушунун ардагерлерине Уркуя Салиева орто мектебинин окуучулары «Эрдигиңер эч качан унутулбайт» аттуу кече уюштуруп,аларга афган согушунда көрсөткөн эрдиктери, атуулдук парзын татыктуу аткаргандыктары үчүн терең ыраазычылык билдиришти.
Ошол кан күйгөн согушта кырчындай өмүрүнөн айрылган агаларыбызды эскеришти.
Окуучулар Афганистан жана Баткен согушуна арналып курулган эстеликке гүл чамбар коюшту жана патриоттук темада ыр аткарышты.
Афган согушунун ардагерлерине арнап көркөм ыр окушту.
Жеринде Афганистан он жыл бою,
Жарандык согуш болуп кан күйгөндө,
Кол сунуп тынчтык үчүн ааламдагы,
Жардамга келген совет эли мүлдө,
620миң кызматкери аскердин,
Катышып, 14миңден ашууну,
Курман болуп, астында калды жердин,
Аттиң, дүйнө, көз жашы көлдөй агып,
Арманы тоодой болду энелердин
Ооба, ошол каргашалуу согушка,
Жети миңден ашуун жигит Кыргызстандан,
Катышып эки жүз кырк сегизи,
Ажаан кыргын огунан каза тапкан,
Майып болгон бир жарым миң кыргыз жоокер,
Согуштан алган уулуу жаракаттан
Жигиттери кыргызымдын эр жүрөк,
Шум ажалдан коркпой тосуп көкүрөк.
Айрылса да гүл өмүрдөн өтө эрте,
Адам деген улуу атты акташып,
Жардам колун сунган афган элине.
Оо, энелер, айрылышкан уулунан,
Кайрат кылып, көз жашыңар төкпөгүлө.
Канын-жанын аябаган шер жигиттер,
Жашайт элдин жүрөгүндө түбөлүккө
Кыргызымдын жигиттери эзелтеден,
Намысын сактап бийик тутуп келген.
Силердей кыраандары турган кезде,
Алга карай өсө берет ыйык жергем
Комментарии