«Элдин кызы балбан жүрөк- Уркуя, Даңкталат сенин атың кылымдарга».
«Элдин кызы балбан жүрөк- Уркуя,
Даңкталат сенин атың кылымдарга».
2023-жылдын 17-февралында » Төөлөс «айыл өкмөтүнө караштуу Уркуя Салиева атындагы орто мектебинде кыргыз элинин чыгаан кызы, жаңыдан түптөлүп келе жаткан жаш совет мамлекетинин пайдубалын орнотууга бар салымын кошкон баатыр энебиз Уркуя Салиеванын туулган күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.
27жашында басмачылардын колунан каза тапкан Уркуя 1907-жылдын 17-февралында Ноокат районуна караштуу Тактек(азыркы Беш-Буркан) айылында жарык дүйнөгө келген эле.
Эл кызы, арстан жүрөк Уркуя Салиеванын туулган күнүнө арналган иш-чараны мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Сагынбаева Үпөл уюштуруп,өзү жетектеген 7-«в» классы менен биргеликте мугалимдерге жана окуучуларга мыкты сценарий тартуулашты.Программанын жүрүшүндө таланттуу окуучулар Уркуя энебиздин ишмердүүлүгүн чагылдырган көрүнүштөрдү аткарып беришти, баатыр энебизге арналган ырлардан көркөм окушту, обондуу ырларды аткарышты.
Президенти биздин «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгына ылайык кыргыз эл макал-лакаптары, жаңылмачтары, кыргыз эл ырлары, бийлери да программаны коштоду.
«Элдин кызы, балбан жүрөк-Уркуя,
Даңкталат сенин атың кылымдарга» аттуу Уркуя Салиеванын туулган күнүнө арналган иш-чарага ата-энелер да катышып, ыраазычылыгын билдиришти.
Иш-чарага Уркуя Салиева музейинин директору Асанова Нурзада да катышып,өз сөзүндө иш чараны уюштурган Үпөл Сагынбаевага, мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Канзада Ражаповага, жалпы мугалимдерге, окуучуларга алкыш айтып, ийгилик каалады.
Программадан кийин окуучулар менен мугалимдер, ата-энелер Уркуя Салиеванын музейине барып, эстелигине гүл чамбар коюшту жана кураан окушту.
Иш-чаранын аягында Уркуя Салиева мектебинин директору Айнура Назарбаева баатыр энебиздин ишин улантуучу келечек ээлеринен үмүтү чоң экендигин, аларга айтып, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
Комментарии