«Эне тилим-жан дилим».
«Эне тилим-жан дилим».
2023-жылдын 21-февралында » Төөлөс «айыл өкмөтүнө караштуу Уркуя Салиева атындагы орто мектебинде» 21-февраль-бүткүл дүйнөлүк тил күнү «майрамынын урматына » Эне тилим-жан дилим»аттуу кече болуп өттү.Кечеге мектеп мугалимдери жана окуучулар катышты.
Адегенде окуучулар ар кайсы дүйнөлүк тилдерде саламдашуу айтып, бийлеринен да аткарып беришти.
Программанын жүрүшүндө бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 7151 тил бар экендиги жана жалпы тилдердин кандай тектерге бөлүнөөрү, түрк тилиндеги топко кайсы тилдердин кирээри жөнүндө кеңири маалымат берилди. Окуучулар дүйнө тилдери менен теңата жашап,, кылымдарды карытып келе жаткан кыргыз тили тууралуу ырлардан көркөм окуп, улуттук бийлерибизден да мыкты аткарып беришти,кичинекей манасчылар океандай чалкыган «Манас» эпосунан үзүндү аткарышты,ошондой эле майрамдык маанайды көтөргөн күлкүлүү акыйнек айтышы залды
күлкүгө жаңыртты.
Бул кечеде окуучулар дүйнө элдеринин тили ар түрдүү болгону менен, дили, ой тилеги, максаты бир экендигине аткарылган номерлерден түшүнүп жетишти жана улуттар аралык биримдүүлүк тынчтыктын тиреги болоорун баамдашты.
Кыргыз тил жана адабияты мугалими Назира Абдибаитова эне тилинин сакталышына ошол улуттун ар бир өкүлү жоопкер экендигин айтып, кыргыз тилин өнүктүрүү ыйык парзыбызга кирерин белгиледи. Ошондой эле бөтөн тилдерди үйрөнүү, окуу менен интелектуалдык деңгээлибизди жогорулатып, адамдык наркыбызды бийиктете аларыбызга токтолду. Канча тил билсе, ошончолук адамдык касиети артаарын белгилеп, ошону менен катар биринчи деңгээлде эне тилибизди сактап, муундан-муунга өткөрүп берүү -атуулдук парзыбыз экендигин эскертип өттү.
Кеченин аягында мектептин тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары Канзаада Ражапова мугалимдер жамаатын жана окуучуларды дагы бир жолу тил майрамы менен куттуктап,бекем ден соолук,иштерине ийгилик каалады.
Иш-чараны уюштурууга жакындан жардам берген Сагынбаева Үпөл, Дамира эжейлерге ыраазычылык билдирип,»Өлкөбүздө эне тилибиз үчүн күйгөн ушундай мугалимдер, окуучулар бар,демек,кыргыз тилибиздин келечеги кең» деп сөзүн жыйынтыктады.
Комментарии