12-декабрь Улуттук адабият күнүн Уркуя Салиева атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери окуучулар менен чогуу жогорку деңгээлде белгилешти.
Эрте менен Сагынбаева Үпөл эжеке Ч.Айтматов тууралуу окуучуларга доклад окуду, андан кийин Жадилова Улука эжеке 11-класстын окуучулары менен «Чыңгыздын чыгармаларындагы нарк-насилдүүлүк» деген темада тегерек стол өткөрдү.Абдибаитова Назира эжеке 9-класстар арасында класстан тышкаркы иш көрсөтүп берди.Ошондой эле салтка айланып калган Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча китеп окуу сынагын Масаипова Нурила эжеке алып барды.Сынактын жеңүүчүлөрү кызыктыруучу белектер менен сыйланды.
Комментарии